Теке 11, 2025
Убакыт: 17:00
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.118
1.135

Аксыда тигүү фабрикасынын продукциясы чет өлкөлөргө экспорттолууда

Аксыда тигүү фабрикасынын продукциясы чет өлкөлөргө экспорттолууда


Аксы районунун Тор-Камыш айылында жайгашкан "Эрден" тигүү фабрикасынын продукциясы чет өлкөлөргө экспорттолууда. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.


Жергиликтүү ишкерлер тарабынан негизделген бул ишкана төрт ай мурун ачылып, 200 адамга ылайыктуу жумуш орундары түзүлгөн. Жалпы аянты 790 чарчы метрди түзгөн фабрикада тигилген продукциялар негизинен чет өлкөлөргө экспорттолуп, онлайн сатуу каналдары аркылуу кардарларга жеткирилүүдө.


Күн мурун президенттин өкүлү Тилек Текебаев тигүү фабрикасынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышты.


Ал мындай долбоорлор аймак тургундарынын жашоосун жакшыртуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ экенин белгиледи.


Ал фабриканын жетекчилигине өрт жана башка коопсуздук эрежелерин сактоо, ишкананын аянтын кеңейтип, өндүрүштү жогорулатуу, жумушчулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, айрыкча жаш энелер үчүн бала бакча ачууну караштыруу, фабрикага атайын маршруттук каттам уюштуруу сяктуу бир катар сунуш-пикирлерин айтты.


Облус жетекчиси мындай аракеттер туруктуу жана узак мөөнөттүү ишкердиктин пайдубалын түзөөрүн кошумчалады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн