Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 19:24
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.052
1.090

Акылбек Жапаров 8-мартка чейин бардык сугат каналдарын тазалоону тапшырды

11.01.2022 14:04
1023
Акылбек Жапаров 8-мартка чейин бардык сугат каналдарын тазалоону тапшырды

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2022-жылдын сугат мезгилине даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.


Жыйында ирригациялык системаларды пайдалануу жана каналдарды тазалоо, оңдоо маселеси талкууланды.


"Кыргызстандагы бардык ирригациялык системалар жана каналдар 8-мартка чейин даяр болуп, тазаланышы керек. Ар бир аким сугат мезгилине  өзүнүн конкреттүү планы менен даяр турушу керек. Алар Айыл чарба министрлиги менен тыгыз иштешип бирдиктүү пландарын бекитүүгө тийиш",- деди Жапаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн