Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 10:48
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

Аида Касымалиева аны кызматтан алуу аракеттери боюнча жооп берди

18.12.2020 12:40
719
Аида Касымалиева аны кызматтан алуу аракеттери боюнча жооп берди

Вице-спикер Аида Касымалиева аны кызматтан алууга кол топтоо боюнча журналисттерге түшүндүрмө берди.


Анын айтымында, вице-спикерлик кызмат кимдир бирөөгө ушунчалык керек болсо, ал кызматын бошотуп берүүгө даяр.


«Кызматтан алуу тууралуу иш фракция аркылуу өтөт. Бирок мен ал жөнүндө эч нерсе билбейм. Баары көшөгө артында жасалууда. Эгер алар мага келип, ушул кызматты каалайбыз деп түздөн-түз айтышса, мен аны бошотмокмун. Учурдагы чакырылыштын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү эбак аяктап, эч кандай вакуум болбошу үчүн мөөнөтүбүздү узартканбыз. Азыр интрига кыла турган убак эмес», – деди Аида Касымалиева.


Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңеште вице-спикер Аида Касымалиеванын кызматтан кетиши үчүн депутаттар кол топтошкон.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Тааа
Озу мооноту буткон мыйзамсыз кресло екенин билишпейби чимкириктер