Кулжа 06, 2025
Убакыт: 19:02
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.090
1.125

Адылбек Касымалиев экологдорду кесиптик майрамы менен куттуктады

05.06.2025 10:17
33
Адылбек Касымалиев экологдорду кесиптик майрамы менен куттуктады


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн экологдорун кесиптик майрамы –  Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен куттуктады.


"Урматтуу экологдор!


Сиздерди экологдор күнү жана Бүткүл дүйнөлүк айлана-чөйрөнү коргоо күнү менен чын дилимден куттуктайм. Бул күн айлана-чөйрөнү коргоо адистеринин гана кесиптик майрамы эмес. Мен бүгүн табиятка аяр мамиле жасап, аны сактап жана абалын жакшыртууга аракетин аябаган бардык мекендештерибизди куттуктайм.


Азыркы күндө экология жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери дүйнөлүк цивилизациянын абалын аныктап, ар бир өлкөнүн  калкынын жашоо деңгээлинен тартып эл аралык мамилелердеги геосаясатка чейин таасирин тийгизип келет. Өнүгүүнүн чеги бар экендигин бир убакта түгөнбөс болуп көрүнгөн көмүрдүн, нефтинин жана башка кен байлыктары да түгөнө турганын, планетанын жалпы температурасы жылдан жылга жогорулаганын изилдеген окумуштуулардын тыянактарынан улам дүйнөлүк коомчулуктун аң-сезимине олуттуу өзгөрүүлөр пайда болуп табият  үчүн күрөш саясий кыймылга да айланды.


Кыргызстан жалпысынан экология боюнча абалы жакшы өлкөлөрдүн катарына кирет жана уникалдуу тоо экосистемалары, суу ресурстары жана биологиялык ар түрдүүлүгү менен айырмаланып турат. Асман тиреген тоолордогу мөңгүлөр, мөлтүр кашка суусу бар булактар, сайларга толуп аккан дарыялар, касиеттүү Ысык-Көл, карагай, арча, кайың толгон токойлор элибиздин керемет байлыгы.


Ата-бабаларыбыз бизге мурас калтырган Мекенибизди, анын керемет  табиятын сактап кийинки муундарга калтыруу максатында  дүйнөлүк экологиялык коркунучтардын алдын алып, бөгөт коюу үчүн аракеттер болуп жатат. Негизги стратегиялык документтер – Кыргыз Республикасында көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү боюнча Концепция жана Улуттук адаптациялык план иштелип чыкты, өлкөнүн климаттык артыкчылыктарын чагылдырган үчүнчү Улуттук деңгээлде аныкталуучу салым (3.0-УДАС) иштелип чыгууда.


Кыргыз Республикасынын сунушу менен БУУнун Башкы Ассамблеясы Тоолорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди 2023-2027 жылдарга глобалдык демилгесин  кабыл алган. Бул Эл аралык тоолорду туруктуу өнүктүрүү жылынын (2022) уландысы болуп саналат жана тоо экосистемаларынын талуу жерлерине жана тоолуу өлкөлөрдүн уникалдуу чакырыктарына көңүл бурууга багытталган.


Кыргызстанда ак илбирсти сактоо боюнча активдүү иштер жүрүп жатат. Ал Тянь-Шандын жана Памирдин бийик тоолуу аймактарында жаратылыштын күчү менен кооздугунун символу гана эмес, Кыргызстандын жаратылыш мурастарынын маанилүү бөлүгү. Ак илбирс расмий түрдө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символу катары таанылды. 2022-жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан «Жашыл Мурас» улуттук кампаниясы жигердүү жайылтылып, анын алкагында республика боюнча жыл сайын 7-8 миллиондон ашык дарак жана бадал түрлөрүнүн көчөттөрү отургузулууда.

Пластикалык булганууга каршы күрөшүү азыр күн тартибинде турат. Борбордук Азиянын бермети жана биздин республиканын негизги туристтик байлыгы болгон уникалдуу Ысык-Көлдү сактап калуу максатында жана анын булганышын алдын алуу боюнча интенсивдүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ысык-Көлгө чөккөн калдыктар, анын ичинде пластикалык заттар тазаланууда.


Урматтуу кыргызстандыктар!


Дагы бир жолу экология тармагынын кызматкерлерин жана ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктайм. Сиздердин  жигердүү аракеттердин натыйжасында өлкөбүздүн экологиясында олуттуу оң жылыштар болуп, бул ишке республиканын жарандары толугу менен мобилизацияланышы зарыл. Таза аба, таза суу, ден соолукка зыян келтирбеген тамак-аш, мол түшүм бере турган талаалар, жайкалган жайлоолор биздин өмүрүбүздүн, бакубат турмушубуздун  себепкери экенин ар бир мекендешибиз түшүнөт.


Бардыгыңыздарга бакубатчылык, чың ден соолук, ишиңиздерде ийгиликтерди жана биздин өлкөбүздүн кайталангыс жаратылыш байлыгын коргоо боюнча бардык пландарыбыз ишке ашуусун каалайм.


Айлана-чөйрөнү коргоого татыктуу салым кошуп, өмүрүн ушул асыл ишке арнаган адамдарга чын дилимден ыраазычылык билдирем”.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн