Чын курандын 26, 2025
Убакыт: 11:59
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

Адылбек Касымалиев Нарындагы тоок этин кайра иштетүүчү заводдун курулушу менен таанышты

17.04.2025 10:07
319
Адылбек Касымалиев Нарындагы тоок этин кайра иштетүүчү заводдун курулушу менен таанышты


Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында тоок этин кайра иштетүүгө багытталган заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. 


Маалым болгондой, завод ишке берилсе тоок этинен жана мал этинен жасалган продукциялар чыгарылат жана ал Кытайга экспорттолот. 


Бул долбоордун максаты Кыргызстандын экспорттук потенциалын көтөрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, ата-мекендик ишкерлерди колдоо, кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык кызматташтыкты дагы бекемдөө. 


Анда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылы республика боюнча 128 кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары ишке берилээрин айтып, алардын курулушу дайыма көзөмөлдө болоорун жана мамлекетке инвестиция салам деген ишкерлерге ар тааптуу колдоо көрсөтүлөрүн билдирди. 


Эл аралык сапат стандарттарына жана тамак-аш коопсуздугуна жооп берген бул заводдун ишке берилиши жакын арада күтүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн