Кулжа 06, 2025
Убакыт: 19:14
USD
87.30
87.80
EUR
99.40
100.40
RUB
1.090
1.125

Адылбек Касымалиев КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты

05.06.2025 13:02
46
Адылбек Касымалиев КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты


Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Душанбе шаарына болгон иш сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышты. 


Отурум башталар алдында делегация башчылары алгач саламдашып, андан кийин биргеликте сүрөткө түшүү аземи болду. Андан соң КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары сүйлөшүүлөр залына өтүштү. 


Отурумдун жүрүшүндө КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары КМШнын алкагындагы экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, мындан аркы мамилелерди бекемдөөнүн, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жана кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. 


Белгилей кетсек, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына — Азербайжандын премьер-министри Али Асадов, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Беларустун премьер-министри Александр Турчин, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстан Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода, Түркмөнстан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамурат Гельдымурадов, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана КМШнын Аткаруу комитетинин башкы катчысы Сергей Лебедев жана башка расмий өкүлдөр катышууда. 

КМШ Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны кеңейтилген курамда улантылып, анда КМШнын алкагындагы кызматташуунун ар кандай багыттагы маселелери каралат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн