Чын курандын 29, 2025
Убакыт: 14:54
USD
87.30
87.80
EUR
99.30
100.30
RUB
1.055
1.090

COVID-19дун жаңы толкунунан улам кайрадан карантин киргизген өлкөлөр

29.07.2020 16:32
847
COVID-19дун жаңы толкунунан улам кайрадан карантин киргизген өлкөлөр


Коронавирустан улам киргизилген карантин эрежелерин жеңилдетүү көпчүлүк жерде өзүнүн терс таасирин тийгизүүдө. Айрым өлкөлөрдө бул жаңы учурлардын өсүүсүн алып келди. Бул тууралуу Forbes басылмасы жазып чыкты.


Маалыматка караганда, көпчүлүк өлкөлөр карантин эрежелерин эртерээк алып салып, экономика иштерин жандантууга аракеттенишкен. Эми алардын айрымдары кайрадан чектөөлөргө барууга жана экономикага терс таасирин тийгизүүчү чараларды бүтүндөй өлкөгө же өзүнчө аймактарга кайрадан киргизүүдө.


Билдирүүгө таянсак, жаңы учурлардын көбөйүүсү бул COVID-19дун экинчи толкуну эмес, биринчи толкундун кайталанган жогорку көрсөткүчү жана вируска каршы айрым мамлекеттерде тийиштүү деңгээлде чара көрүлгөн эмес. Мындай өлкөлөрдүн катарына инфекция менен жаз мезгилинде ийгиликтүү күрөшкөн, бирок кайрадан карантиндик чектөөлөрдү киргизген өлкөлөрдүн катарына Сербия, Испания, Австралия, Вьетнам, АКШ, Казакстан, Израиль, Черногория кирген. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн