Теке 29, 2025
Убакыт: 11:15
USD
87.20
87.70
EUR
100.80
101.80
RUB
1.060
1.095

АКШда ЛГБТны колдоого байланышкан гранттар жоюлду

21.05.2025 11:04
988
АКШда ЛГБТны колдоого байланышкан гранттар жоюлду


АКШнын Мамлекеттик башкаруунун майнаптуулугун арттыруу департаменти (DOGE) ЛГБТ коомчулугун илгерилетүүгө байланышкан гранттардын баарын жойду. Бул тууралуу ведомство Х соцтармагы аркылуу билдирди.


"Мурунку администрациянын тушунда иштеген Гуманитардык илимдердин улуттук фонду (NEH) элдин эсебинен каржыланган гранттарды бөлүп келген, эми анын баары жокко чыгарылды. Акчанын жалпы суммасы 163 миллион долларды түзөт", — деп айтылат ведомствонун маалыматында.


Анын катарында ЛГБТ коомчулугунун өкүлдөрү үчүн интерактивдүү жол көрсөткүчтөрдү түзүүгө бөлүнгөн 350 миң долларлык грант бар, ушундай эле каражат ЛГБТга байланышкан терминдердин эл аралык онлайн-сөздүгүн испан тилинде чыгарууга каралган. Тизме уланат.


Департамент мындан ары NEH гранттары америкалык баалуулуктарды колдоочу долбоорлорго жумшаларын билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн