Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 00:43
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

50 компаниянын катышуусунда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форум өтөт

07.09.2021 13:06
1622
50 компаниянын катышуусунда Бишкекте кыргыз-түрк бизнес форум өтөт


Кыргыз-түрк өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиясынын 10-жыйынынын алкагында 10-сентябрда «Sheraton Bishkek» отелинде түрк жана ата мекендик компаниялардын катышуусу менен кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.


Аталган иш-чара КР Инвестициялар министрлиги жана Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар кеңеши тарабынан уюштурулууда. Бизнес-форумга түрк тараптан экономиканын түрдүү тармагынан 50 компаниянын катышуусу күтүлүүдө.


Бул иш-чаранын жүрүшүндө ата мекендик компаниялар Түркиянын мүмкүнчүлүктүү бизнес өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, андан аркы ишкердик кызматташтыкты түзө алышат.


“Иш-чарага катышууну каалаган бардык ата мекендик компаниялар министрликке төмөнкү номер боюнча катталышса болот: 0312 300 232 же WhatsApp 0772 710 333”,- деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн