2022-жылы Кыргызстанда эркек балдар арасында Мухаммад, ал эми кыздар арасында Салиха деген ысымдар көп коюлган. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, кыздардын арасында 3 миң 904 наристеге Салиха ысымы коюлган.
Кыздар арасында көп коюлган ысымдар:
Амина – 2969,
Фатима - 2804,
Раяна – 2786,
Алия – 2426,
Айлин – 2426,
Альфия – 2228,
Сафия – 2223,
Аруузат- 2221,
Хадича- 2179.
Эркек балдарга Мухаммед ысымы көп коюлган – 5112. Ошондой эле Умар – 4577, Али – 2838, Билал – 2505, Амир – 2436, Алихан – 2436, Нурислам – 2042, Алинур – 2023, Усман – 1937, Эмир – 1657 ысымдары коюлган.
Пикирлер (8)