Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 10:41
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.045
1.090

20-апрелде республика боюнча ишембилик өтөт

17.04.2024 11:01
299
20-апрелде республика боюнча ишембилик өтөт


Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык кɵзɵмɵл министрлиги өлкөнүн бардык жашоочуларын 20-апрелде масштабдуу экологиялык акцияга катышууга чакырат. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.


Маалыматка ылайык, бул күнү республика боюнча ишембилик өткөрүлүп, бардык облус, район, шаарлар, андагы көчөлөр тазаланат.


"Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 6-сентябрында кол койгон "Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндөгү" жарлык ишке ашырылууда. Иш-чаранын башкы максаты – таштандыны бɵлүп чогултуу маданиятын коомчулукка жайылтуу, экологиялык маданиятты арттыруу", — дешти министрликтен.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн