Кулжа 15, 2025
Убакыт: 11:57
USD
87.30
87.80
EUR
100.40
101.40
RUB
1.085
1.120

13-октябрда Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт

10.10.2022 17:51
1067
13-октябрда Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт



“Бишкексууканал” ишканасынын өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгынын маалыматы боюнча, 13-октябрда саат 9:00дөн 24:00гө чейин борбор калаанын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.


Турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда суу өчүрүлөт.


Төмөнкү жерлерде суу токтотулат:


• Ала-Арча суусу - темир жол линиясы – Жибек Жолу пр. –Ж. Гвардии бульвары; 

• Ж. Гвардии бульвары - темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси.


Ичүүчү суу «Гагарин» суутоптомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн