Чын курандын 28, 2025
Убакыт: 00:24
USD
87.30
87.80
EUR
98.90
99.90
RUB
1.045
1.090

11 айда республикалык бюджеттин кирешеси 137 млрд сомду түздү

21.12.2021 13:30
591
11 айда республикалык бюджеттин кирешеси 137 млрд сомду түздү



11 айда республикалык бюджеттин кирешеси 137.2 млрд сомду түзүп, план 105%га аткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 21-декабрда Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев онлайн брифингде билдирди.


ЮАнын айтымында, 2020-жылга салыштырмалуу бюджеттин кирешеси 41.4 млрд сомго же 43.2%га өскөн. Министр июнь айында бюджетке түшчү киреше 7 млрд сомго артта калып жаткан болсо, учурда 500 млн сомго гана жетпей жатканын билдирди.


«Жалпысынан 95.7 млрд сом чогултулуп, пландан 104.2%га же 3.8 млрд сомго көп жыйналды. 2020-жылга салыштырмалуу 25.4 млрд сомго көбөйгөн. Биздин республикалык бюджеттин абалын эске алсак, бул жакшы көрсөткүчтөр», – деди Амангелдиев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн